Депутат: "Уран казууга тыюу салган мыйзамга өкмөт тымызын бут тосуп жатат"

"Уран казууга тыюу салган мыйзамга өкмөт тымызын бут тосуп жатат" деп бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

"Биз февраль айында Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары Кыргыз өлкөсүнүн аймагында уран казууну токтотуу боюнча элдин талабы менен мыйзам иштеп чыкканбыз. Аны депутаттар колдоп, июнда кабыл алганбыз. Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр келип, урандын казылышына каршыбыз деп айтышкан. 4 ай өттү. Бул мыйзамды Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине өкмөт киргизбей, күн тартибинен экинчи жолу алдыртып коюшту. 5 айдан бери корутунду бербей жатышат. Уран менен торий казылсын деп ачык позицияңарды айтпайсыңарбы. Трибунадан биз макулбуз деп айтып, эми тымызын акырын мыйзамга бут тосуп жатат. Биздин мактана турганыбыз экология, кооз жаратылыш, таза продукция деп айтып жүрөбүз. Уран менен торий ошолорго душман. Урандан түшкөн акча элдин ден соолугунан да маанилүүбү?", - дейт Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baltabaev
2019-10-02 10:35:41
Ээх ушул селерди
+1
Absamat-90
2019-10-02 11:31:16
Шыкмаматов озун корсотуп жатат. Окмот эмес президент озу кесе айтты уран казылбайт деп.
-1
Alia82
2019-10-02 11:49:57
Кайсы бирине ишеничти да билбейсин...
+1
Alia82
2019-10-02 11:51:52
Менимче баарыле бир гөр го... депутаты деле, өкмөтү деле, президенти, оппозициясы, позициясы, баары...
+1
tular
2019-10-02 12:58:55
Буларды жолотпош керек эле да бийликке
0
Ernestinio
2019-10-02 13:43:48
Окмотто деле сиз бизге окшоп элине. жерине, экологияга куйгон адамдар иштейт. Бул жон гана Шыкмаматовдун ойу, жон гана ойу. Ал эми ойду ким кааласа айта берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан