Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салды.
Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.
"Ошондой эле мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө максатында жалпы билим берүү уюмдарынын педагогика кызматкерлеринин, жетекчилеринин, окуучулардын ата-энелеринин жана аларды алмаштыруучу адамдардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз акча чогултуудагы суроолор боюнча “ыкчам байланыш” телефон линияларын жана “ишеним үкөктөрүн” уюштуруу тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.
Бул буйруктун аткарылышы жалпы билим берүү уюмдарынын ар бир педагогуна жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш.
Эгерде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга, алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат.