Орусиянын Ленинск-Кузнецк шаарында мушташтын айынан бокс боюнча машыктыруучу, Кыргыз жараны Болот Атакулов каза болуп калды. Бул тууралуу орус басылмалары билдирет.
Орусиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, сентябрь айында шаардын барлардын биринде мушташ чыккан. Анда 25 жаштагы Болот Атакуловго 32 жаштагы мас абалындагы киши, эшикке чыгып сүйлөшүп келүүсүн айткан. Мушташтын айынан Кыргыз жаранынын баш мээси чайкалып, чыкый сөөгү сынган. Шектүү киши кармалып, кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой, Атакулов ооруканада эсине келе албай бүгүн, 2-октябрда каза болгон. Анын жансыз денесин Кыргыз өлкөсүнө алып келүүгө жакындары каражат чогултулуп баштады.