Парламентте профсоюздар тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат. Анда Гүлкан Молдобекова менен Эльвира Сурабалдиева кайым айтышты

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында профсоюздар тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутат Гүлкан Молдобекова жолдошу Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакунов Ысык-Көл облусуна тажыяга кеткенин айтты.

"Кесиптештер бир нерсени айтарда аярлуу мамиле кылсаңар. Бул мыйзам элге керек болсо колдоого алынат. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы деген сөздөр улам-улам айтылып жатат.

Профсоюздар федерациясынын жетекчисинин орун басары Рысгүл Бабаева төрага кабинетте отурат деп айтып жатат. Ал кабинетинде жок. Ысык-Көлгө тажыяга кеткен. Бул мыйзам долбоору тийиштүү комитетте катуу талкууланды. Эльвира Сурабалдиева Мирбек Асанакуновго кылмыш иши козголгон деп айтты. Иш козголсо факты менен айтыңыз. "Мен муну тастыктап берем" деп жатасыз, сиз Асанакуновдун баскан жолуна, тажрыйбасына жетүү үчүн сизге көп убакыт керек", - деди Молдобекова.

Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоору комитетте каралганда кызыкчылыктар кагылышы болгонун айтты. Ал Мирбек Асанакуновго 2014-жылы кылмыш иши козголгону маалымат каражаттарында жазылганын билдирди.

Жогорку Кеӊеште профсоюздун укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Профсоюз федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы. Алардын пикиринде, учурдун талабына жооп берген жаӊы мыйзам керек, бирок депутаттар тобу тарабынан сунушталып жаткан өӊүттөгүдөй мыйзам эмес, профсоюздун ишин калыс карап, толук камтый турган бирдиктүү ченемдик укук актысы керек.

Ал эми депутаттар профсоюзда анын борбордук бирикмесинде башаламандык өкүм сүрүп, жетекчилери өз билгенин жасап калгандыктан, анын көп мүлкү мыйзамсыз сатылып кеткенин, азыр дагы четинен сатылып жатканын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан