Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасына байланыштуу прокурордун өтүнүчү каралат. Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.

Канат Сагымбаев бүгүн соттук отурумга алынып келинди. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасына байланыштуу прокурордун өтүнүчүн угат.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bektur2011
2019-10-02 17:12:54
Мекен үчүн берген антын бир Атамбаевге саткан накта саткын ушул! Канат, сен аскердик антты Атамбаевдин мыйзамсыз иштерин коргоймун деп берген эмессиң. АША мамлекетке коркунуч жаратканда эле тыйышын керек болчу! Эми жооп бер кыйшандабай!
-5
altyn-kumush
2019-10-02 17:18:41
Канат Сагымбаев АШАнын заказдарын аткарып жүргөнү аз келгенсип мамлекеттин,элдин жана милициянын кызыкчылыгын сатты. Мындай адамдар жоопко тартылбай анан ким тартылат.
-5
Mashyrbek
2019-10-02 17:18:41
Канат Сагымбаев милдетин так аткарды
+7
Erik2018
2019-10-02 17:18:49
АШАнын ишенген элиталары шоопур, жан сакчы, чай ташыгычтары аман болгула эми буканы турмодо сойдуруп алып ошол жакта зектерди да тойгозгула
-5
Ernestinio
2019-10-02 17:57:38
Атамбаевдин куноолорун билип да турса да, приказга да баш ийбей, куралын да откоруп бербей Канат Атамбаевди коргоп турган, эгерде мындай чечимге барбаса балким, бир баланын омуру кыйылбайт беле, балким мындай окуялар болуп кетпейт беле. Канат элдин ыраазычылыгына татымак.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан