Сокулукта 51 жаштагы киши уктап жаткан аялын балта менен уруп, жабырлануучу каза болду

Чүй облусунун Сокулук районунда күйөөсү аялын балта менен уруп өлтүрдү. Кылмышка шектүү кармалганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.

"30-сентябрда эртең мененки саат 9:05 чамасында Сокулук РИИБине Биринчи Май айылындагы аялдын өлүмү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине ыкчам тергөө тобу барып, 43 жаштагы Б.М. аттуу аял кишинин жансыз денесин табышкан. Анын денесин кароо учурунда ур-токмоктун белгилери бар болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары маркумдун 51 жаштагы И.Б. аттуу күйөөсү кармалды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 30-сентябрь күнү эртең менен маркум уктап жатканда күйөөсү балта менен урган. Андан кийин 8 жаштагы И.Т. аттуу баласын кошунасына калтырган. Шектүү кошунасына аялын өлтүргөнүн, кайра кайтып келбей турганын, мындан ары баласына баш, көз болуусун айтып белгисиз тарапка кеткен.
Учурда кармалган жаран Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2019-10-02 19:18:31
Жин- шайтандын азгырыгынан сакта Кудайым.
-1
JaneEr
2019-10-02 19:18:42
Аялын,баласын бага албай аялын олтургонго...
-1
karona12
2019-10-02 20:02:32
Колдо дагы бироолорду атып качып кетти эле тоого,ошол кармалганбы?
-2
Nevestkaa
2019-10-02 23:11:08
Байкуш 8жашар баланын тагдыры келечеги талкаланыптыр да.
+5
Avrora2017
2019-10-03 00:20:58
Эшек эми чирип ол турмодо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан