Орусияда кургак учук илдетине кабылган кыргыз студенти мекенине жиберилет

Орусияда кургак учук илдетине кабылган жогорку окуу жайдын 2-курсунун студенти Кыргыз өлкөсүнө жиберилет. Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, ал Воронеж агрардык мамлекеттик университетинде билим алат.

Кыргыз студенти өлкөгө кайтып келгенден кийин тыкыр медициналык көзөмөлдөн өтүп, кургак учуктун ачык же жабык формасы экенин аныкташы керек.

"2-курстун студенти кургак учукка кабылганы пландык медициналык кароонун алкагында аныкталган. Медициналык жыйынтыктан кийин студенттин жанында жүргөн курсташтары, сабак берген мугалимдер дагы текшерүүдөн өткөн. Алардын биринен дагы кургак учук илдетинин белгилери табылган эмес.

Ал эми атайын багыттагы уюмдар окуу жайдын имаратын дезинфекциялаган. Облустук саламаттыкты сактоо кызматы тиешелүү иш-чаралар улантылып, адистер университеттин аймагында иштеп жатканын билдирет", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бул тууралуу расмий маалымат жок экенин айтты. Азыркы учурда диаспора менен байланышып, маалыматты тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baian
2019-10-02 23:51:34
Кургак учук деп коп угам.Бул озу кандай оору?
0
ainur78007
2019-10-02 23:55:59
Baian, Туберкулёз
0
madina.87
2019-10-03 03:10:38
Биздин диаспаранын эмне менен кабары бар анан???
Тактап отура бергиле,жабышып кабинеттен чыкпай.Силерге төлөнгөн кайран акча
+3
katerina.li
2019-10-03 13:43:35
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан