"Мынча кунарсыз клип болгон": Димаш Кудайбергендин Исландияда тартылган клиби интернетте сынга кабылды (видео)

Казакстандык популярдуу ырчы Димаш Кудайбергендин "Знай" аталышындагы жаңы клиби жарык көрдү. Клиптин режиссёру болуп украиналык Алан Бадоев эсептелинет. Бирок ырчынын клиби жарык көрөрү менен көрүүчүлөрдүн негативдүү талкуусуна түштү.

Алардын айтымында, Димаштын үнү өзгөчө болгону менен клип аткаруучунун ырына төп келбей, кунарсыз тартылып калган.

Чыгарма Михаил Гуцериевдин сөзүнө жазылган. Ал эми обону белгилүү орусиялык композитор жана продюсер Игорь Крутойго таандык болуп эсептелинет. Клиптин бет ачары Исландия өлкөсүндө өттү.

"Клип өтө күңүрт жана кунарсыз тартылган. Көзүмдү жумуп, тек гана ырды тыңдап уктум. Димаш сенин үнүңдө сөз жок. Бирок сенин керемет үнүңө бул клип ылайыктуу эмес!", - деп жазган колдонуучулардын бири.

Ал эми Димаш Кудайбергенге эч нерсеге көңүл бурбасын айтып, АКШ өлкөсүнө кетип, ошол жакта иштөөсүн сунуштаган күйөрмандары дагы болду.

Буга чейин аталган клип Исландия өлкөсүндө тартылып жатканы тууралуу жазганбыз.

Димаш Кудайберген - "Знай"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2019-10-03 09:44:23
Дениздин,шаркыратманын жээгинде фонунда кучакташкан кыз жигит эле болбосо кызыксыз эле экен
+2
Eli.91
2019-10-03 11:21:51
Ичине Жин кирген адамдарга окшоп калышыптырго.
+3
Snejana
2019-10-04 00:26:12
Eli.91,туура айтасынар. Ичине жин кирип кеткен окшойт.
+1
Zhanybek88
2019-10-03 13:32:42
Бүткөн ишке сынчы көп
-6
katerina.li
2019-10-03 13:41:59
Силер Димаштай болуп алгылачы.
-6
Eli.91
2019-10-03 16:13:00
Кудай ай тообо Димашка эчкачан суктана албайм.Ага суктангандын ордуна кенеш бергим келет.Баарыбыз Аллага кайтчуларданбыз.Ошондуктан чыныгы жашоосунда ойлоп коюуу керек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан