Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева насвайга, тамекиге, алкоголдук ичимдиктерге тыюу салган мыйзам кабыл алууну сунуштады.
"Менин колумда сырты кооз жасалган насвай турат. Индиядан аткезчилик жол менен алынып келиптир, акцизи жок, демек, көзөмөл дагы жок. Насвайдан жылына 6 миӊден ашуун адам өлөт. Калктын ден соолугуна кам көргөнүбүз ушулбу? Укук коргоо органдары тактап, ага бөгөт коюшу зарыл. Бул насвайдын сыртында "Рахат алыӊыз" деп жазылып турат. Бул адамдарды насвай чегүүгө үндөп жатат. Эгер биз жарандарыбыздын саламаттыгына чындап эле кам көрөлү десек, анда насвайга, тамекиге, алкоголдук ичимдиктерге тыюу салган мыйзам кабыл алып, анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Ансыз мындай көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын", - деди депутат.