7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин жан сакчысы өзүнүн версиясын айтып берди

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президенттин камакка алынган жан сакчысы Канат Сагымбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча айтып берген видеосун таратты. Анда Сагымбаев 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы кандай өткөнүн өзүнүн версиясында толук айтып берген.

"Бул видеону көргөн ар бир жаран өзү тыянак чыгарсын, Канат кылмышкерби же сыйлыкка татыган аскер кызматкериби?" деп жазган Жоошев видеого жазган билдирүүсүндө.

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган. 2-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасына байланыштуу прокурордун өтүнүчү каралды. Сот аны 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин жансакчысы өзүнүн версиясын айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
zhaku2017
2019-10-03 13:24:34
Сооронбай куугунтуктоосун токтотпосо аягы жаман болот. Ушундан көрө раиммиилионду камап алсын. Сооронбай адам деле эмес экен.
+16
Ernestinio
2019-10-03 14:06:30
zhaku2017, Раимди окмотко алып келген ким, Раим кимдин капчыгы болгон? Атамбаевдин го, эми келип Жээнбековдон Раимди карма деп требовать эткенибиз как минимум не правильно. Жээнбеков деле колунан келгенин кылып атат, Атамбаевдын иши бутсо Раим деле кармалаарына кумонум жок
-8
aidartegin
2019-10-04 09:03:42
Ernestinio, Демек ал миллиарддын деле куносу бар да. АА эмнеге камалбашы керек анда. Башка элдерди 5-10 жыл мурдагы кылмышы учун камап жатат. Журналистер кылмышын шектуу катары ачыктап жаатат. ай Билбейм деги.
0
Jango
2019-10-03 13:35:40
Бору отрядында кызмат отогон болсо мындайларды границага жонотуп чек араны корготуш керек бийлик болсо камап коркутуп жатат жаш баланын жашоосун сындырып
+15
altyn-kumush
2019-10-03 14:13:50
Jango,коркутуп камаган эч ким жок! Чек араны кантип коргосун, заставлять этип алып барыш керекпи? Кичине мээни да иштеткенди уйрон!
-21
Jango
2019-10-03 14:22:51
altyn-kumush,сен бул баланын кайсыл жерде кызмат отогон ошону бир карап корсон атайын багыттагы аскер кызматында жургон бала бул ушундай балдар кыргыз тажик чек арасына ушунчалык керек азыркы убакта
+16
Apyn8793
2019-10-03 14:02:07
Чек арада элдерди аттырбай ушул Альфаны Атамбаевтин уйуно алып барып тизип койгондой чек арага да алып барып тизип койбойт беле Соке, озунун элине эле кыйын булар а башкаларга кынк дей алышпайт. Матраимовдордун кулдары болуп бутунорго бийлик!!!
+19
altyn-kumush
2019-10-03 14:16:52
Apyn8793,ушулар алкашты коргогондой чек араны да коргошпойбу? Буканын эти албетте жок да ал жакта
-14
Absamat-90
2019-10-03 14:05:03
УКМКкызматкери катары баарын билуусу керек болчу. Калп эле жанын жеп жатат. Бул алдын ала билген анткени К.Асанов айткан баратат кара деп. Болбосо Атамбаев кум толгон мушокторду кайдан канттип киргизмек эле.Кармалганда ачык айтты го Асанов мой терминатор деп.
-6
altyn-kumush
2019-10-03 14:06:11
Элди аткан ушу менен Атамбаев. Бул экөөнү тең камаш керек. Мас болуп адамдарга асыла берди эле камалып жатат эми.
-13
Erik2018
2019-10-03 14:08:05
Өзүнүн коллегаларын барымтага алынганга чейин тааныган эмесмин деген Канат Сагынбаевге кантип ишенүүгө болсун калпты ышкыртканды АШАнан уйронгон окшойсун
-9
Ernestinio
2019-10-03 14:09:08
Канат, Атамбаевди суракка чакырганда барбай койгонун билет эле, Мвд же ГКНБ балдары Атамбаевди закондуу турдо куч колдонуп алып кетишин билет эле, эми аларды тааныган жокмун дегени туура эмес да. Болгону Атамбаевдин кызыкчылыгын жогору койду
-10
Kyrgyz_bloger
2019-10-03 14:18:50
Ой бийликтин кошоматчылары силер акча учун баарына даярсынар го.
+9
oSporte
2019-10-03 17:37:04
Kyrgyz_bloger,Ал ник бир эле адам
+1
Aikaaaa
2019-10-03 14:21:41
Тим эле террористтердин үйүнө киргендей болгон го, кыйын экен Баткенге чек араны ошентип кайтарышпайбы? Атамбаевди камашты, анан эми эмне болушту, эмнени кыйратып атышат. Президент болгондон бэээриле ушу Атамбаев чекесине чыккан чыйкан болду го
+10
Shabi
2019-10-03 14:54:42
Айткандарыныздын баары чын болсо,Оз милдетин так аткарган,молодчик
+10
titanik32
2019-10-03 14:54:43
Бул бала прекрасно билип көрүп турган,АШАнын үйүнө кимдер бастырып келгенин.Себеби ошол убакта Ирина Карамушкина жана бир канча Кой таштык короодоку чөгулгандар АШАнын жугундукорлору прямой эфир кылып жаткан фейзбук жана башка тармактардан.Булар албетте көрүп олтурушкан лицосуна чейин таанып спецназдардын.Ошол маалда мен Кара шоро жайлоосунан көрүп жаткам түз эфирди,анан кантип көрбөй көр болот астына куралчан келгендерди.
-3
Shabi
2019-10-03 15:23:25
Сен кара шоро жайлоосунан коруп жатсан ошол жайлоонун тушунугу боюнча эле калыпсын.бул куралчан спецназдарды коргон жокмун деген жок,куралчан спецназдар альфанын спецназдары экенин уйдун ичинен жанына барганда билдим деп жатат.ага чейин куралчандар кимдер экенин гкнб же мвд экенин билген жокмун деп жатат.и видеодо корунуп турат спецназдар забордон секирип киргенделе Атамбаевти алып уйду коздой качырып жатат.тоодон олтуруп коргом деп тоонун жайлоонун тушунугу жазбай видеону коруп тушунуп анан жаз
+1
Bekobala
2019-10-04 13:33:59
Нарындыктар силер койсунар деген ким эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан