Нарын районундагы Кеңеш айылындагы контейнер-мектеп жабылып, окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлдү. Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлагандай, окуучуларга күндөгүдөй эле тартипте сабактар өтүлдү.
"Бүгүн, 3-октябрда окуучулар Кеңеш айылындагы клубдун имаратына көчүрүлдү. Окуучулар эки сменге бөлүнүп, күндөгүдөй эле тартипте сабак өтүштү", - дейт басма сөз кызматынан.
Буга чейин интернет тармагында Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер-мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкуу жаратып, коомчулукту дүрбөткөн. Мындан улам кайдыгер эмес жарандар аталган мектепти ашар жолу менен салууну демилгелешкен.