Бишкекте автобустун арткы эшигине кыпчылып калган окуучу бала каза болду

Бишкекте 5-класстын окуучусу автобустун арткы эшигине кыпчылып, дөңгөлөктүн алдында калды. Окуучу алган жаракатынан улам мерт кетти. Мындай маалыматты Чүй ОИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, адам өмүрүн алган кырсык бүгүн, 3-октябрда саат 15:30-16:00 чамасында орун алган.

"Күн-Туу айылынан келе жаткан №18 багытындагы автобус аялдамадан жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Бирок айдоочу арткы эшиктен 5-класстын окуучусу түшүп жатканын байкабай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучунун бир буту эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап кеткен. Автобус окуучуну бир канча метр жерге чейин сүйрөгөн. Бала алган жаракатынан улам жеринен каза болду. Азыр териштирүү иштери уланууда", - дейт маалымат кызматынан.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Patirot
2019-10-03 18:33:01
Карап жапайбы эшигин ичинде эч ким жок элеби автобустун ичинде токтотурганы
+7
muras111211
2019-10-03 19:49:43
Негизи жүргүнчүлөр арткы эшиктен кирип түшөөрдө жол кирени төлөп алдыңды эшиктен түшүшөт да,ал окуучу артынан эле түшүп кетейин деген окшойт менимче.
+4
urmat94
2019-10-03 20:28:37
muras111211,алдынан тушобу артынан тушобу карап анан айдаш керек
+9
Tyty1990
2019-10-03 22:27:29
urmat94,сен биринчи таңкы саат 5 түнкү 12ге чейин ошондой чоң автобусту айдап + планды толтуруп көрүп анан сүйлө. Зайчик боло калгандар толтура. Акча бергиси келбегендер,өзү жөнүндө ою бийик адамдар өтө көп.час пикте күзгүдөн бир эки эмес онду койуп койсо тыгында артты көрбөйсүң. Кокустук дейт. Бергенибиз он сом анан аялдамага барыштан зеригебиз.лично мен эки жолу ошентип арттан чыгып кетем деп кыпчылгам.
-3
Avrora2017
2019-10-03 23:18:26
Tyty1990,все равно эшик жабылганда караш керек болчу водитель эшектей болбой, водитель 100% куноолу
+1
Patoshik1
2019-10-04 01:39:42
Avrora2017,дооруй бербечи эч нерсени тушунбой.100%деп койот дагы)))) кудайсынбы 100% билгидей
-4
urmat94
2019-10-04 05:24:55
Tyty199 е тупой ал окуучу бала болтат жол кире бербеди деп эле тушолекте айдап кетиш керекпи башыны иштетсен кичине эшиктерин жаап анан карап туруп айдаш керек тыгын болгудай эмне адамдар автобустун сыртына жабышып алабы корбой калгыдай кузгудон корунот баары бул жерде
0
Tyty1990
2019-10-04 07:35:45
urmat94,сага боорум ооруйт. Иштебеген мээ менен жашаш кыйын. Аман эле болчу
-1
urmat94
2019-10-04 12:28:36
Tyty1990, мага боорун оорубайле койсун,бул жерде сенин мээн иштебейтат
0
Saidochka
2019-10-03 20:27:01
Окунучтуу,байкуш бала!:((
+7
aerforce
2019-10-03 20:58:16
Жүз просент водитель күнөлүү эмнеге байкабайт кече күнү кечинде көк жардан автобуз алдымда бара жаткан токтобой бир экинчи же үчұнчү класстын окуучусун салды акырын айдап эшигин ачса секирип тиги окуучу кыз чыгып алды ошондо эле сөгүнүп калгам артынан эмнеге токтоп салбайт деп мына бүгүн мындай окуя болуп жатат
+6
aerforce
2019-10-03 21:05:16
Карап жабат ошол үчүн автобустун күзгүсү бар чоооң болгон өлүп 10 сом үчүн бири биринен атандашып конкурент деп айдашат ошол үчүн карточкага өтүш керек адам түшөбү түшпөйбү айлык төлөнсө өлүп талып айдашпайт
+5
XATSAN125
2019-10-03 22:52:24
Каттуу айдашат да өздөрү да ач калгансып анан жол эрежесин грамм карабайт мен ал жолдон кеминде үч жолу өтлм
+4
Aimani
2019-10-04 01:00:01
Бул эми кырсык да. Айдоочу деле атайын кылбаса керек. Баланын ата энесине сабыр. Өтө өкүнүчтүү. Жүрөгүм ооруду.
+2
kechirmeni
2019-10-04 10:43:41
эки жакка тен кыйын, айдоочу деле атайлабады, бала жоготуу да ооор, эми Аллахтан келген сыноо, сабыр кылгыла!!!
+1
Baku88
2019-10-04 11:23:00
Бала балалык кылып чуркап тушуп кетем деген айдоочу да байкабай айдап кеткен бул жерде бул же тигил куноолу дегенден алысмын кырсык каш кабактын ортосунда баланын ата энесине сабыр
+1
MurNaz
2019-10-04 12:08:30
Салам баарыныздарга
0
MurNaz
2019-10-04 12:09:24
Кырсык каш кабактын ортосунда ата энесине сабыр берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан