Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн тоо таянган Зардалы айылын ким билбейт. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхый айылына айланган бул аймакта жашоо шарт дале оор. Быйыл аймактарды өнүктүрүү жылында Зардалыда кандай өзгөрүүлөр болду? SUPER.KG порталы айыл башчыдан билип көрдү.
Зардалынын 20 жыл мурдагыдан айырмасы бир гана тынчтык. Башка өзгөрүү жок дейт айыл башчы Абдилазиз Маатов.
“Бүгүнкү күндө Зардалы айылында 49 кожолук, 213 адам жашайт. Азыркы учурда кышкыга даярданып, көпчүлүгү Баткенге кетишти. Тиричилигибиз малчылык, дыйканчылык менен өтөт. Зардалынын 1999-жылдагы учур менен азыркысын салыштырсак айырмасы бир гана тынчтык өкүм сүрүп турганы. Башка эч кандай айылда өзгөрүү жок. Айыл жашоочулары ашар жолу менен айылдагы көпүрөлөрдү оңдоп алып, кичине жылыш болду. Ал эми мамлекет тарабынан көзгө көрүнүктүү деле иш жасала элек.
Биздин Зардалыга депутаттар, бийлик өкүлдөрү келип жашоо шартыбызды көрүп кетишсе эле сүйүнүп, үмүт менен жашап калабыз. Электр жарыгы биз үчүн дайыма көйгөй жаратып келет. Ошондуктан айыл жашоочулары өз күчтөрүнө жараша бул маселени чечүүгө аракет кылып жатышат. Алсак, айыл боюнча эки үй-бүлө кубаттуулугу 12 Вольт болгон, чакан ГЭС сыяктуу агрегат орнотушкан. Бирок анын кубаттуулугу жарык бергенге гана жетет. Башка муктаждыктарга колдоно алышпайт. Белгилей кете турчу нерсе бул агрегат бир гана үйдү жарык кылууга кубаттуулугу жетет. Ал эми айыл боюнча мындай шайман 2 гана үйдө бар. Айрымдары күн батарейкаларын пайдаланышат. Ал эми мектепте жарык жок. Алдыбызда чоң дарыя агат. Мамлекет тарабынан ГЭС курулат деген убада берилген. Президент көзөмөлгө алды дешкен. Андан деле үмүт үзбөй турабыз”, - деди айыл башчы.