Орусияда мыйзамсыз эмгектенип жүргөн Кыргыз жараны 37 жаштагы аялды сүзүп, жабырлануучу каза болду. Окуя 2-октябрда орун алганын орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"ГАЗель" үлгүсүндөгү унааны Кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Ал Вологда-Тихини-Кола унаа жолунан велосипед менен бара жаткан 37 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен аял каза тапкан. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу полиция бөлүмүнө жеткирилди. Учурда айдоочуга карата кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралууда", - деп жазылат маалыматта.