"Нарын суу канал" ишканасынын кызматкерин иш учурунда топурак басып каза болду

Нарын шаарында “Нарын суу канал” ишканасынын 2 жумушчусун топурак басып калып, бири каза болду. бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык бүгүн, 3-октябрда Нарын шаарындагы Раимбеков көчөсүндө жайгашкан №67 турак үйдүн жанында болгон.

"Нарын суу канал” ишканасынын 2 жумушчусу чуңкурдун ичинде суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда үстүнө таш аралаш топурак түшүп, басып калган. Натыйжада 1990-жылы туулган А. уулу А. каза болуп, 1990-жылы туулган К. уулу К. жабыркаган. Жаракат алган жумушчуну "Тез жардам" кызматы ооруканага жеткирген. Ал эми каза болгон жумушчуну куткаруучулар чуңкурдан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деди басма сөз кызматынан.

Куткаруу иштерине Нарын шаардык №16 АӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан