3-октябрда Бишкекте автобустун арткы эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун окуясы боюнча автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бул факты Сокулук РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми автобус айып короосуна токтотулуп, учурда тергөө иштери башталды деп жазылат маалыматта.
Окуучу окуядан кийин эсине келбей, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда каза болгон.
Кырсык 3-октябрда саат 15:30-16:00 чамасында орун алган. Анда Күн-Туу айылынан келе жаткан №18 багытындагы автобус аялдамадан жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Бирок айдоочу арткы эшиктен 5-класстын окуучусу түшүп жатканын байкабай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучунун бир буту эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап кеткен. Автобус окуучуну бир канча метр жерге чейин сүйрөгөн. Бала алган жаракатынан улам жеринен каза болгон. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан болушу мүмкүн деген билдирүү жасаган.