Бүгүн, 4-октябрда “Ата Мекен” фракциясынын гемодиализ кызматын алган бейтаптардын маселеси каралууда.
Депутат Искандер Гайпкулов финансы министринин орун басары Алмаз Азимов гемодиализ кызматын алган бейтаптарга 192 миллион сом бөлүп берүү боюнча катка “киреше каражат таппагандыктан, акча бөлүп бере албайбыз” деп жооп бергенин айтты.
"Финансы министринин орун басары 16-августта гемодиализ кызматын алган бейтаптарга 192 миллион сом бөлүп берүү боюнча катка “киреше каражат таппагандыктан, акча бөлүп бере албайбыз” деп жооп бериптир. Маселени чечкендин ордуна кат жөнөтүп койдуңуз. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетине бул маселени жөнөтүшүңөр керек эле”, - деди депутат.
Алмаз Азимов бул маселе чечилгенин айтты. Депутат: “Маселени биз көтөргөндөн кийин чечтиңиздер. Бейтаптардын маселесин өз убагында чечүү керек” дейт.