Мамлекеттик салык кызматы 2018-жыл үчүн Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, 2019-жылдын 3-октябрына карата 1202 кызматкер декларация тапшырган эмес. Анын миңге жакыны жергиликтүү органдарда иштегендер. Арасында Мамлекеттик каттоо кызматынын 25, Жогорку Кеңештин 22, президенттин, өкмөттүн иш башкармалыгынын 6 кызматкери бар. Андан тышкары, министрликтер менен мекемелердин адистери да бул милдетти аткарышкан эмес.
Эске салсак, 2018-жылга салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктаган.