Саламаттыкты сактоо министринин орун басары гемодиализ кызматын алган бейтаптар ооруканаларда кезек күтпөй калганын айтты

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев гемодиализ кызматын алган бейтаптар ооруканаларда кезек күтпөй калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, гемодиализ кызматын алган бейтаптардын саны жыл сайын көбөйүп жатат. "Азыркы учурда 1235 жаран өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруйт. Аларга 2018-жылга чейин тендердик негизде бир эле компания гемодиализ кызматын көрсөтүп келген. Бирок оорулуулардын саны акыркы жылдары көбөйгөндүгүнө байланыштуу башка жеке менчик клиникалардын кызматтарын төлөө менен жеңилдетилген дарылоо системин киргизүү зарылчылыгы келип чыкты”, - деди министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан