Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.
Бүгүнкү күнү уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу иштери жүрүп жатат, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.
"Бүгүнкү күнү бир катар маданий, илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, сынактар өткөрүлүп, биографиялык басылмалар даярдалып жатат. Жыл башынан бери республика боюнча ачык сабактар, класстык сааттар, илимий-практикалык конференциялар жана музейдик көргөзмөлөрдү өткөрүү уланууда. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык маарекесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда", - деп билдирди министр.