Орусиянын Смоленск бекетинен Кыргыз жараны кармалды. Ал "Таблиги жамаат" диний агымынын мүчөсү экенин орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны чек арадан өтүп жатканда эреже бузган. Аны Коопсуздукту камсыздоо федерациясы менен чек ара кызматкерлери кармаган. Текшерүү учурунда Кыргыз жараны Орусияда тыюу салынган "Таблиги жамаат" агымынын мүчөсү экени аныкталган. Ошондой эле ал бир канча жылдан бери Москвадагы мусулмандарга бул агым боюнча үгүт иштерин жүргүзүп келгени маалым болгон.
Соттун чечимине ылайык, Кыргыз жараны Орусиядан депортацияланат.
Кыргыз өлкөсүндө "Таблиги жамаатка" тыюу салынган эмес.