Боом капчыгайы таштарды атайылап кулатуу иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында 7-октябрдан 11-октябрга чейин таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иши саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолдо болуп, анда маал-маалы менен жол жабылып турат. Ал эми жолдо 30-40 унаа чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан