Ош шаарындагы Масалиев кең көчөсүндө жайгашкан "Аль-Мансур" кафесинде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 5-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган. Ал эми кафенин 150 чарчы метри толугу менен күйгөн.
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Өрт саат 02:37де толугу менен өчүрүлгөн.