Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кезек күтүп турган жүк ташуучу унаалардын саны жүздөн ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 100дөн ашык унаа казак тарапка өтө албай турат.
"Казакстандын "Карасуу" чек ара бекетинде инспекциялык-көзөмөл комплекстеринин иши үзгүлтүккө учураган. Мындан улам казак тарап саатына 4-5 гана жүк ташуучу унааны өткөрүп жатат. Ал эми жеңил унаалар менен жүргүнчүлөргө чектөө коюлган эмес. Ошондой эле жүк ташуучу унааларды өткөрүүдө кыргыз тараптан эч кандай чектөө болгон жок", - деп билдирет басма сөз кызматы.