Ошто 23 жаштагы келин күйөөсү башка аял менен жашап алганын билип, бычак сайган деп шектелүүдө

Ош шаарында кызганычтан улам 23 жаштагы келин күйөөсүнө бычак сайды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 30-сентябрь күнү катталган. Анда 24 жаштагы А.И. аттуу жаран ооруканага миздүү нерседен көкүрөк бөлүгү жараат алган абалда түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-тергөө тобу жабыркаган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө кан болгон бычак жана телефон далил буюм катары алынган.

"Териштирүү иштеринде шектүү келиндин күйөөсү башка аял менен жашап алган. Мындан улам келин бул ишке барганын айткан. 23 жаштагы келин шектүү катары кармалып, эки айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми жабырлануучу жаран учурда ооруканада", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Sonyasonya
2019-10-05 14:48:48
Сооп эле болуптур,келинди жалко
+25
erkeleim
2019-10-06 11:44:58
Sonyasonya,Келин камалат, куйоосу оорукчан болот балдар тируу жетим калат, мамлекеттик денгээлде закон киргизиш керек. Бизде мындай нерсеге коз жумуп коюшат. Ошон учун жабыркаган келиндер оз алдынча оч алууга барышат.Мындай учурда эркек уй булолуу болсо ойнош аялын кошуп чон штрафка жыгыш керек же 1жылдан эркинен ажыратуу кажет.
+1
Saidochka
2019-10-05 15:38:04
Башка менен жашап алган болсо,ырас кылыптыр.келинге жалко
+24
Paprikafm
2019-10-05 16:37:42
Жакшы кылыптыр
+17
shankol88
2019-10-05 16:45:07
Башка менен жашап алгандарга же (кыянаттык)кылгандаргада мыйзам чегинде жазага тартыш керек да...келинге жаман болуптурда...
+21
Aimani
2019-10-05 17:33:47
Ырас кылыптыр дегенинер эмне. Бир келесоо күйөөсүнүн айынан түрмөгө отуруп калды. Тынч эле ажырашып кктиш керек эле. Же башкача өч алуу керек боочу өзүнө зыян кылбай. Балдары эле жалко
+10
souza.j
2019-10-06 11:07:16
Aimani,башка кандай жолду айттын
+1
JaneEr
2019-10-05 18:39:47
Башка сайтта олду деп журотго куйоосун.Экинчи аялынан кызганып олтурду деп.
+5
jalguzum
2019-10-05 19:01:52
JaneEr,башка дагы кандай сайттар бар мен ушул супер инфону эле билет экем. Айтып коюнуздарчы
+1
senchi
2019-10-06 13:57:04
JaneEr,туура менда окудум олду деп, бул жерде олтурбой кармап турушат экен.
0
Skarlett-Skarlett
2019-10-05 22:05:49
Эч качан урушуп отурбай эле,артка кылчайбай таштап кеткиле.Алдыда эн сонун кундор бар экенин унутпагыла!Эркек учун гулдой омурунорду кор кылбагыла!Силерди баалаган адам да табылат!!!
+11
Aidar.001
2019-10-05 23:42:40
Skarlett-Skarlett,Гулзат карындаш сизби? Дем, куч?
-1
Begimay.emir1
2019-10-06 03:01:04
Кызганыч адамды жеп бутот. Куйоонорду кызганбай эле койгула. Кетсе-кетсин, жашоо бутуп калбайт, жакшы кундор алдыда. Кызганычтан нервинерди дагы жебегиле
+4
assr
2019-10-06 13:46:19
оо кудай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан