Бүгүн, 5-октябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков президент Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчылар ошондой эле Кыргыз-Тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.