8-октябрда парламент комитетинде ички иштер органдарын реформалоо тууралуу маалымат угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жасайт. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде 5 маселе каралат. "2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат.