"Суперфутбол-2019": Журналисттер командасы атаандаштарын күчтүү деп эсептешкени менен жеңиш бизде болот дешет

Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Ага саясатсылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышат.

Биз оюн алдында журналисттер командасынын оюн уктук. "Бул даярдыка чейин журналисттерден куралган команда иретинде бир ай машыктык. Атаандаштарыбыз күчтүү, андагы оюнчулар атайын тандалып алынган. Буга чейин ал командалардын айрымдары менен жолдоштук беттеште ойноп калганбыз. Бардык атаандаштар күчтүү, бирок жеңиш бизде болот деп ишенебиз. Бул үчүн бизде мотивация, стимул жетиштүү", - деди спорт баяндамачы, команда оюнчусу Адилет Темирланов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан