Тоң районунда 6-октябрда саат 14:30да Төрт-Күл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал жандыктарын айдап бараткан 2 чабанга кар көчкү түшүп, басып калган. Бактыга жараша, 43 жана 46 жаштагы жарандар көчкүнүн астынан өз алдынча чыгышып, жардам сураганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 6 куткаруучу, "Тез жардам" кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканага жеткирген.
Учурда жабыркагандардын абалы канааттандырарлык, бутунан жана жамбашынан жаракат алышкан, ал эми мал жандыктары түгөл, аны туугандары айылга айдап кетишкенин билдиришти министрликтен.