Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунда эки күндө шахтадан 6 адам каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунда эки күндө 6 адам өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрь күнү Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагындагы Боз тилкесинде жайгашкан №5 забойдо 3 эркек адам өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болгон. Алар 21 жаштагы А.А., 42 жаштагы Т.Б., 33 жаштагы М.Т. болушкан. Жерине ӨКМдан 9 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелери чыгарылып, "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми 5-октябрь күнү Сүлүктү шаарында "Абдукахар-Кен" шахтасынан газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 6 куткаруучу тартылып, 3 адамды оор абалында шахтадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп берген. Жарандар ооруканадан каза болушкан. Алар 44 жаштагы Я.Н. 42 жаштагы Я.Ж. жана 40 жаштагы Я.К. аттуу жарандар болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli.91
2019-10-07 22:27:17
Жайлары Жаннаттан болсун.Алла Таалам билип билбей кылган куноолорун кечирген болсун.Жакындарына сабыр тилейм.Я дегендер бир-туугандар окшойт.Алла сабыр берсин туугандарына.Акырети абыт болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан