Ошто унаа айдап бараткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду

Ош шаарында унаа айдап бара жаткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 6-октябрь күнү саат 10:30да Шакиров көчөсүндө болгон. Анда Ош шаарынын 59 жаштагы тургуну С.А. өзүнүн ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, кокусунан жүрөк оорусу кармап калган.

Анын кесепетинен айдоочу жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзүп, каза болгон. Ал эми жолдо токтоп турган унаадан эч ким жабыркаган эмес. Учурда кырсык боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан