Октябрь райондук сотунан качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түштү

Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кармалган адам 30 жаштагы К.М. Ички иштер министрилигинин базасына уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. Ал ушул жылдын январь айында Октябрь районунун сот залынан качып кеткен бойдон издөөдө жүргөн. Кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөткөн. Чүй облусу боюнча атайын даярдыктагы топ кылмышкерди колго түшүрүп, Октябрь РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан