Бишкекте жеңил унаа менен мотоцикл сүзүштү

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсү менен Балтагулов көчөсүндө жеңил унаа менен мотоцикл сүзүштү. Маалыматты шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 7-октябрь күнү саат 17:40 чамасында болгон.

"Мазда үлгүсүндөгү унаа "Азия Молл" соода борборунан чыгып келе жатып, Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө түштүк багытты көздөй кетип бара жаткан мотоцикл менен сүзүшкөн. Мотоциклдин айдоочусун "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Учурда бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду", - деп билдирет башкы башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан