Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, 8 куткаруучу тартылган. Саат 20:35те өрт чектөөгө алынган. Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.