Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат боюнча өрт саат 21:27де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метр.
Буга чейин базарда өрт чыкканы маалымдалган.