ИИМ Новосибирсктеги кыргыздар иштеген базарда чыр тууралуу маалымат таратты

Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргыз жарандарынын катышуусунда массалык мушташ катталган. Бул окуя боюнча ИИМдин басма сөз кызматынан төмөндөгүдөй маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, учурда бул факты "бейбаштык" жана "опузалап талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

"Учурда окуя катталган жердеги бардык видеобайкоолордогу жазылып калган тасмалар алынды. Ошондой эле бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал жерден укук коргоо органдары 25 адамды кармап келген. Териштирүү иштеринен кийин бардыгы коё берилген. Ал эми 5 адамга медициналык жардам көрсөтүлсө, эки адам ооруканага жаткырылган. Аталган факты боюнча өкүлчүлүк Орусиянын Новосибирск облусу боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз иштешүүдө" , - деп жазылат маалыматта.

Уруш 7-октябрь күнү болгон. Жаңжалга 50гө жакын киши катышкан. Алардын арасында Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Өзбекстандын атуулдары бар болгон.



Орусияда Кыргыз жарандары катышкан мушташ катталып, 2 адам ооруканага жаткырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
senchi
2019-10-08 20:22:34
Кыргызстандык өзбоктор деп жазсаңар. Ал жерде кыргыздар иштебейт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан