Бишкекте 11 жаштагы баланы коркутуп, арак алып берүүсүн талап кылган 20 жаштагы бала менен кыз кармалды

Бишкекте 11 жаштагы баланы коркутуп, арак сатып берүүнү талап кылды деп шектелип, 20 жаштагы кыз жана бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда 3-октябрь күнү саат 06:20 чамасында Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн жанынан 11 жаштагы балага белгисиз эки жаран арак сатып берүүсүн талап кылып, коркутушкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 20 жаштагы Н.Д. жана С.Н. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asdef
2019-10-09 08:08:48
К....о арак куйгула эми
+1
elchi84
2019-10-09 09:28:13
Кыларга иш жок экөөң ошону кылдынарбы.
+2
Islambek123
2019-10-09 14:35:53
Тияка киргизгиле кичине тартипке келтирип койсун куйкалап
+1
Nurik929394nur
2019-10-09 18:11:16
Islambek123,Кыргызстанда тартити бузуп жаткан экобуу еле бекен?
-1
Kamchybek-007
2019-10-09 18:25:30
Подстава
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан