Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 10-11-августта шаар мэринин Кубогу үчүн республикалык волейбол мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясы билдирди. Таймашка 14 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду “Өзгөн” командасы ээлесе, экинчиликти “Токмок” командасы алса, коло медаль “Балыкчы” командасына тийди.