Бишкекте 5-кабаттан 16 жаштагы өспүрүм кулап түштү

Кечээ, 8-октябрда Бишкектеги Коёнкөзов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатынан 16 жаштагы бала кулап түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя катталган жерге Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери барышкан. Алар саат 10:50 чамасында 16 жаштагы А.Э. аттуу бала кулап түшкөнүн аныкташкан.

"Өспүрүмдү "Тез жардам" кызматы №3 балдар ооруканасына алып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда окуянын келип чыгуу себебин аныкташууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан