Социалдык тармактарда жарым жыл мурун ажырашкан күйөөсү аялын күч колдонуп зордуктап, андан кийин сабап денесине жаракат келтирген деген маалыматтар тараган. Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү Кемин РИИБине 27 жаштагы келин арыз жазган. Арызда мурунку күйөөсү 28 жаштагы Т.Т. 4-октябрь күнү күч колдонуп зордуктап, денесине ар кандай жаракат келтиргени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталган.
Ошондой эле социалдык тармакта жабырлануучу келиндин ишине Кемин РИИБи чара колдонбой жатканын, себеби анын күйөөсү менен Кемин РИИБинде иштеген жетекчилердин бири жакын дос экени да айтылган.
"Бул факты боюнча ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүү ишин баштады. Ал эми бүгүн, 9-октябрда ыкчам-тергөө тобу шектүү жаранды кармап, РИИБге алып келишкен. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.