ЖЫЛНААМА, 9-ОКТЯБРЬ: "Victoria's Secret`тин" периштеси Белла Хадид 23 жашта. Ал миллионердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, официант болуп иштеген

"Victoria's Secret`тин" периштеси, "Жылдын модели" наамдарынын бир нече жолку ээси, эң көп каражат тапкан моделдердин бири - Белла Хадид. Америкалык супер модель бүгүн, 9-октябрда 23 жашка толду. Ал 1996-жылы 9-октябрда Вашингтондо төрөлгөн.

Подиумдун көркүн ачкан модель тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Белла Хадид ислам динин тутунат

2017-жылы бир тууган моделдер Белла менен Жижи Хадид Нью-Йоркто болгон каршылык акциясына чыгышкан. Акция Дональд Трамптын мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салганына каршы уюштурулган. Көп өтпөй эле модель ислам динин тутунарын, бул дин менен сыймыктанарын коомчулукка жарыялаган. Модель атасы аркылуу дүйнөдөгү белгилүү диндердин бирин тутунуп калганына ыраазы экенин билдирген.

Белла Хадиддин атасы Мохаммед Хадид палестин тегинен болот. Моделдин атасы 14 жашында
АКШга келген.

Өспүрүм кезинде официант болуп иштеген

Модель миллионердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, өскөн. Ошого карабастан Белла Хадид 14 жашында Малибудагы жайкы барда буюртмаларды кабыл алып, кардарларга шире жасап берип иштеген.

"Шире жасагам, акча санагам, идиш дагы жуугам. Мен маңдай терим менен тапкан акчаны алгандан кийин өзүмдү көз карандысыз сезчүмүн", - деген ал маектеринин биринде. Кийинчерээк болочоктогу модель башка кафеге официант болуп жумушка орношуп, гамбургерди сүйүүчүлөрдүн катарын толуктаган.

Мас абалында унаа башкарганы үчүн айыпталган

17 жашында мас абалында руль башкарып, жол эрежесин бузган. Ал жол белгилерине көңүл бурбай эрежени сактаган эмес. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кайгуул кызматкерлери Белла Хадидди токтотушкан. Наркологиялык борбордон Белла Хадиддин канынын курамындагы алкоголь нормадан эки эсе көп экени аныкталган. Мындан улам ал 25 саатка коомдук иштерди жасоого тартылса, 20 саатка алкоголдук ичимдиктерди ичкендердин жыйналышына катышкан.

Модель болууну кыялданган эмес

Белла Хадид кичинекей кезинен эле ат үстүндө жүргөнгө кызыгып, машыккан. 2015-жылы Олимпиадалык оюндарга катышууга камданып жатканда Лайм оорусу өрчүшүп кетет. Мындан улам ал башка багыттагы жумушту тандоого аргасыз болот. Ошентип ал моделдик кесипти аркалап, ийгиликке жетишет. Кандай ийгиликке жетсе дагы жылкыга болгон сүйүүсү сакталган. Ал бүгүнкү күндө деле жылкыларды багып, көпчүлүк учурда өзү жем, суусун берип карайт.

Лайм илдети менен жабыркайт

2016-жылы Белла Хадид инфекциялык Лайм илдети менен жабыркай турганы аныкталган. Бул дарт менен анын апасы Йоланда Хадид жана иниси Анвар Хадид дагы жабыркап келет. Бул ооруну кенелер чакырат. Лайм илдети жүрөк жана нерв системдерин талкалайт.

Сулуулугун баалабай фотограф болууну чечкен

Белла Хадид Нью-Йоркко келгенде бир тууганы Жижи Хадид атактуулукту багындырып жаткан кез болгон. Ошондо Белла өзүнүн келбетин модель болуудагы стандарттарга дал келбейт деп фотограф болууну чечкен. Ал Парсонс дизайнердик мектебине тапшырып, фотограф деген дипломго ээ болгон.

Бирөөгө окшоштургандарды, салыштыргандарды жек көрөт

Адатта атактууларды бири-бирине салыштырып келишет. Жаңыдан карьерасын баштаганда Белла Хадидди эжеси Жижи Хадидге окшоштуруп келсе, кийинчерээк актриса Женнифер Лоуренске окшоштура башташкан. Бирок модель мындай кептерди четке кагып, актриса менен окшоштугу жок экенин айтып келет.

Моделдик карьерасы

2014-жылы "IMG Models" моделдик агенттиги менен келишим түзөт. 2016-жылы "Calvin Klein Inc", "DKNY" бренддеринин, "Moschino", "Nike" компанияларынын жүзү болууга жетишет. Андан кийин "Christian Dior" компаниясы менен кызматташып, теледолбоорго тартылат. Ушул эле жылы экранга чыккан "Приват" тасмасында өзүнүн ролун жараткан. Бул жыл модель үчүн жемиштүү, жеңиштүү дагы болгон. Анткени ушул эле ал "Жылдын модели" наамын, дүйнөдөгү алдыңкы 50 моделдин тизмесине кошулган. Андан кийин ич кийимдер бренди "Victoria's Secret" менен келишим түзөт.

Белла Хадид 2017-жылы "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп киреше тапкан моделдердин тизмесинен 9-орунга жайгашкан. Анын жылдык кирешеси 6 миллион долларды түзгөн.

Жумушунун көптүгүнөн жигити менен эки башка жолго түшкөн

2015-жылы The Weeknd каймана аты менен таанымал болгон ырчы Эйбел Тесфайе менен мамиле курат.
1 жылдан кийин түгөйлөр убакыттын тардыгынан улам эки ажырым жолго түшкөн.
2018-жылы алардын мамилеси кайрадан жанданган.

9-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aiza9797
2019-10-10 02:04:08
Автор: Бактыгүл Момбекова айым перишетси эмес периштеси туура жазгылачы көңүл буруп эптеп урдура бербей
-1
Nevestkaa
2019-10-10 11:25:44
Мусулман динин тутунат экен бирок уяты жок экен э достор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан