Сокулукта бөтөлкөлөшүн өлтүргөнгө шектелип мурда соттолгон 2 жаран кармалды

Сокулуктагы Совхоз-Фрунзе айылында белгисиз жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымдалган. Милиция кызматкерлери маркумдун өлүмүнө шектүүлөрдү кармаганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн аныктаган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон Бишкек шаарынын 28 жаштагы К.Я. аттуу тургуну болгон. Ал эми маркумдун өлүмүнө шектүү делинип Чүй облусунун 27 жаштагы П.С. жана 30 жаштагы Н.А. аттуу жашоочулары кармалган. Шектүүлөр буга чейин бир канча жолу соттолгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, шектүүлөр менен каза болгон жаран тааныш болгон. Алар түзөтүү абагында жазасын өтөгөн. Кырсык болгон күнү тааныштар жолугушуп, алкоголдук ичимдик ичишкен. Натыйжада алардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, мушташа кетишкен. Жаңжалдын кесепетинен К.Я. каза болгон.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан