Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 11-августта “Ысык-Көл-2013” аттуу регата боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке төрт крейсерлик яхта катышты, алар: “Кайсера”, “Форейтора”, “Алькора” жана “Бриза”. Быйылкы мелдешке 2012-жылдын жеңүүчүсү “Антарекс” яхтасы катышкан жок. Мелдештин бет ачарын Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева ачты. Жыйынтыгында 1-орунду “Форейтора”, 2-орунду “Кайсер”, 3-орунду “Алькор” яхтасы ээледи.