"Жолдошум менен ата-энемдин белегин күтүп жатам" дейт 28 жашка толгон Айгерим Расул кызы

3 жашынан баштап сахнага бийлеп чыгып, кийинчерээк жеке ырчы катары белгилүү болгон Айгерим Расул кызы бүгүн, 10-октябрда 28 жашка толду. Туулган күнүн чоң майрамга айланткысы келбеген ырчы жакындары менен тар чөйрөдө белгилей турганын айтты.

"Куттуктоолорго рахмат! Оштогу курбуларым үйгө келип куттукташты, ал эми Бишкектегилери болсо буюртма аркылуу белектерин, гүлдөрүн берип жиберишиптир. Үйдүн ичи гүлдөргө толуп калды. Жолдошум Азамат менен ата-энемдин белегин күтүп жатам. Алар кечинде куттуктап, белектерин тартуулашат. Туулган күнүмдү чоң салтанатка айланткым келген жок. Тойго барып келгенден кийин жакындарым менен дасторкон үстүнө чогулабыз", - дейт ал.

Айгерим Расул кызы 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. Жеке ырчы катары "Түнкү Бишкек" аттуу ыры менен элге таанылган. Учурда жар-жар айтып, тойлордун көркүн ачып келет.

Ырчы Азамат мырзага 2014-жылы сентябрда турмушка чыккан. 2015-жылы 2-июлда Ханбийке аттуу кыздуу болуп, 2018-жылы 13-декабрда Элмырза аттуу уулдуу болушкан.
Ырчы кайнатасы, кайненеси, жолдошу, кайниси жана абысыны менен

10-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2019-10-10 16:23:28
Понт урганды жакшы коргон ырчы го. Вообще маладес артистка.
+2
rysik79
2019-10-10 17:40:54
Нурзат токтосуновадан да кут белек.)))
-6
bond02
2019-10-10 17:59:04
Максим Бакиев каякта жашайт?
0
Han1111
2019-10-10 20:17:51
Кайниси жана анын кочкору деп койбопсунар супер))
+3
Aimani
2019-10-10 21:34:19
Кичинекей баладан айырмасы жок. 28ге чыгып алып ата энесинен белек күтүп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан