Көк-Жар кичи районунда менчик бала бакча өрттөнүп кетти (видео)

Бүгүн, 10-октябрда Көк-Жар кичи районундагы жеке менчик бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу окурмандар билдирген. Өрт тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө бүгүн, 10-октябрда саат 15:20да келип түшкөн. Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматы: "Нөөмөт бөлүмгө Көк-Жар айылындагы бала бакчанын жанындагы трансформатор күйүп кетти деген маалымат келип түштү. Өрт өчүрүүгө 1 бригада чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет", - деген маалыматын берген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргендей, "өрт трансформатордон эмес, бала бакчанын өзүнөн чыккан. Жеке менчик бала бакча "Чудо детки" деп аталат. Ал кичи райондун Көк-Жар көчөсү 55Б дареги боюнча жайгашкан. Кызматкерлер кырсыкты өз убагында байкап, балдар сыртка чыгарылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бактыга жараша жабыркагандар жок", - деп билдиришти.

Көк-Жарда бала бакча өрттөнүүдө
Бишкекте бала бакча өрттөндү. Күбө ал учурда балдар жаңы уйкудан ойгонушканын айтат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taalai1008
2019-10-10 20:56:27
Жан далбастап видеого тарпай балдар чурулдап жатат ошол жакка барып жардам бербейби автор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан