Кыргыз футболчулары Мьянма менен беттешүү алдында турат. Күйөрмандар чогулууда

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда кыргыз футболчулары Мьянма менен беттешүү алдында турат.

Күйөрмандар кыргыз футбол командасынын жеңишин тилеп, күйөрмандык кылуу үчүн келгенин айтышууда. Алардын катарына Айганыш Алдасинова дагы кирет. Ал көп жылдан бери футбол күйөрманы экенин жана кыргыз футболчуларын колдоп келгенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Бүгүнкү оюнга албетте, кыргыз курамасын колдоп келдим. Учурда мекенчилдик сезимим өрчүп, биздин команда утат деп турам. Буюрса тилегим орундалат", - деди футбол күйөрманы Алданисова.

Бул оюн 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугу жана 2023-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт. Учурда стадиондо эстрада жылдыздары күйөрмандарга кызыктуу шоу-программа тартуулоо алдында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан