Бишкекте 12 жаштагы кызды зордуктаганга шектелген жаран кармалды

Бишкекте 12 жаштагы кызды зордуктаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү "Тез жардам" кызматына 12 жаштагы кыздын зордукталгандыгы тууралуу телефон чалуу түшкөн. Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 10-октябрь күнү Өзбекстандын 1985-жылы туулган А.Ш. аттуу жараны кармалган. Ал Бишкек шаарынын аймагында убактылуу иштеп келген. Мурда Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча соттолгон. Күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.

Азыркы учурда башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси боюнча катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kultegin
2019-10-10 21:38:51
Менее март олтуруш керек сени
+2
gitaris93
2019-10-10 23:01:12
Яна битта петух кутип алинглар ва лом тыкинглар
-3
asman.81
2019-10-11 09:12:44
Озбекстандын чек арасын ачык ууру,кески,бандити,баары чыгып атат.Чондор каякты карар отурасынар ,жапкыла чек араны!!!Элге салып бериш керек буга окшогон айбанды,таш баран кылып олтуруш керек.Айбан,айбан,айбан!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан