Алайда түн ичинде үйгө кирип, опузалап акча талап кылганга шектелип 20 жаштагы жаран кармалды

Ош облусунун Алай районунда каракчылыкка шектелип, 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 29-сентябрда Жошолу айылынын 1993-жылы туулган тургуну Н кызы З. аттуу жарандын үйүнө бейтааныш адам кирип, коркутуп, акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында шектүү катары ушул эле райондун 1999-жылы туулган тургуну П.Ж. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү П.Ж. 29-сентябрда саат 03:00 чамасында Алай районунун Жошолу айыл аймагынын тургуну, 1993-жылы туулган Н. кызы З.нын үйүнө кирип, өзү колдонуп жүргөн уюлдук телефонун жабырлануучунун башына такап коркутуп, акча сураганы аныкталган. Акчасын табалбай койгон соң жабырлануучунун уюлдук телефонун алып чыгып кеткен.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда далил буюм катары жабырлануучуга таандык уюлдук телефон табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asman.81
2019-10-11 11:34:26
Колу буту эсен соо адам,мээнети мн нан таап жебейби,уйундо тарбия бериш керек да,жашынан баштап.Айбан бетин бекитпей ачып койгула,элдин баары корсун.Бироонун пешене терин коркутуп,талап жеген кандай болоорун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан