Бүгүн, 11-октябрда КСДП фракциясында саламаттыкты сактоо тармагындагы абал тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жасайт.
Жыйында 2 маселе каралат. "Кыргыз жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралат.