Бишкекте өрт кырсыгынан эркек киши каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы каза болгон жарандын аты-жөнүн тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Киргизия-1 жаңы конушундагы 2 кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн өрт чыккан. Жерине өрт өчүрүү кызматы барып, өрт чектөөгө алынган. Кырсык орун алган жерден кебетеси европалык болгон 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Учурда каза болгон жарандын аты-жөнү жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.